Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Мектептер толук ачылат, форма талап кылынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окуучулардын жана тарбиялануучулардын көпчүлүгү үчүн дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштайт. Бул тууралуу 10-августта “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн ушундай чечим кабыл алынууда:

“Эмдөөдөн дагы эле өтүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды”.

Абдылдаева окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбай турганын, себеби пандемия шартында көпчүлүк ата-энелер каржылык жактан кыйналып турушканын кошумчалады.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкөдө бул вирус дээрлик 167 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG