Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

Манасчылар: "Манастын уулу Семетей" тасмасында кемчиликтер бар


Айрым манасчылар тасманын тартылышын токтотууну талап кылууда.
Айрым манасчылар тасманын тартылышын токтотууну талап кылууда.

Бүгүн 10-августта Бишкекте бир катар белгилүү манасчылар маалымат жыйын курушту. Жыйынга манасчылар Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев жана Асаналы Калил уулу катышты.

Алар жакында тартыла баштаган "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасынын кемчиликтери бар экенин айтышты.

Манасчы Самат Көчөрбаев төмөнкүлөргө токтолду:

"Биз так сценарийге каршы чыгып жатабыз. Аны менен фильм тартууга болбойт, керек болсо токтотуш керек. Бүтүндөй кыргыздын баалуулугуна доо келтирип, салттуу өзөктү кескин бурмалап, кошумчалаган. 20га жакын манасчы барбыз Кыргызстанда. Баарыбыз бир добуштан кайрылуу кабыл алып, президентке, Жогорку Кеңешке, министрге жөнөттүк".

Манасчылар "тасманын сценарийине эпостун салтуу формасында жок көрүнүштөр кошулуп кеткен жана атайылап жасалган идеологиялык бурмалоолор бар" деп белгилеп жатышат.

Айрым манасчылар бул тасманын тартылышын токтотууну талап кылууда.

Тасма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылган сценарий боюнча тартылып жатканын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков “Азаттыкка” 1-августта билдирген. Тасмага каршы чыгып жаткандарга ал "“Манас”, “Семетей” – элдик чыгарма. Аны ыйык кылып, мифологияга эле байлай берген туура эмес" деп жооп берген.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат" деген маалымат туура эмес экенин 2-августта билдирген. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG