Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Францияда COVID-19 чараларына каршы акцияга он миңдеген киши катышты


Парижде демонстранттар атайын медициналык маалымдама киргизүүгө каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты. 31-июль, 2021-ж.
Парижде демонстранттар атайын медициналык маалымдама киргизүүгө каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты. 31-июль, 2021-ж.

Ишембиде Франциянын борбору Париж жана башка шаарларда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршылык билдирип, он миңдеген киши көчө акцияларына чыгышты.

Жаңы мыйзамга ылайык, көпчүлүк коомдук жайларга вакцина алганы, же вирус табылган жок деген тест жыйынтыгы, же коронавирус жуктуруп алып айыгып чыкканы тууралуу атайын медициналык маалымдамасы (пропуск) бар адамдар гана кире алышат. Айрым маалымат каражаттары Францияда үчүнчү дем алыш удаасы менен өтүп жаткан демонстрацияларга 31-июлда 200 миңден ашуун адам катышканын кабарлашты.

Француз өкмөтү азыр өлкөдө жайылып жаткан коронавирустун 4-толкунуна каршы кабыл алган жаңы мыйзам боюнча сентябрдын ортосуна чейин бардык саламаттык кызматкерлери COVID-19га каршы толук эмделип бүтүшү керек. Айрым медицина кызматкерлери да мындай талапка каршы чыгышкан. Демонстранттар өкмөт алардын негизги эркиндиктерине кол салып жатканын айтышат. Ишембидеги каршылык акциялары негизинен тынч өттү, Парижде полиция менен чакан топ кагылыша кетип, 20дай демонстрант кармалганы, үч полициячы жараат алганы кабарланды.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон демонстранттарды жалпы элдин кызыкчылыгын ойлобогон "өзүмчүл адамдар" деп атады. Ушундай эле коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары Швейцария, Италиянын бир нече шаарларында болуп өттү. Германиянын бийликтери Берлинде жекшембиге пландалган үч ушундай нааразылык акцияларына коронавирустун жайылышын күчөтөт деп уруксат беришкен жок.

XS
SM
MD
LG