Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

"Көл" тасмасы Орусияда эл аралык фестивалда көрсөтүлөт


Режиссер Эмил Атагелдиевдин “Көл” тасмасы Татарстандын борбору Казан шаарында быйыл сентябрда өтө турган “Орусия – Ислам дүйнөсү” эл аралык фестивалынын программасына кирди. Бул тууралуу 29-июлда Кыргызстандын Кинематография департаменти билдирди.

Мекеме кабарлагандай, фестивалда мусулман өлкөлөрүнүн маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган тасмалар көрсөтүлөт. Атайын программага кирген он фильмдин бирине 300 миң рубль өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылат.

Режиссер Атагелдиев үчүн дебют болгон "Көл" тасмасы Ысык-Көлдүн керемет пейзажында тартылган жана адамдын өз жолун эркин тандоого карай умтулуусун баяндайт.

Тасманы «Оймо» студиясы Кинематография департаментинин колдоосу жана «Айтыш фильм» киностудиясы менен бирге тарткан.

“Көлдүн” дүйнөлүк премьерасы 2020-жылдын 29-июлунда Кытайдагы Shangai IFF эл аралык Шанхай кинофестивалында болгон. Тасма “Алтын глобус” премиясына сунушталган жана Лос-Анжелесте өткөн Азия киносунун дүйнөлүк фестивалында көрсөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG