Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Талас: Киров суу сактагычына ГЭС куруу пландалууда


Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев.

Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектростанция куруу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 29-июлда президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облус башчысы Бакытбек Нарбеков ГЭСти куруу маселесин бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен жеринен талкуулады.

“Гидродолбоор” ишканасынын өкүлү Аскар Каленовдун айтымында, учурда ГЭС курула турган жерде геодезиялык иштер жүрүүдө.

Министр Бекмурзаев ГЭСтин кубаттуулугу 30 мегаватт болорун, анын иши сугат системасына эч кандай таасирин тийгизбей турганын айтты.

Талас облустук администрациясы тараткан маалыматка караганда, Киров суу сактагычына ГЭС куруу боюнча пландалып жаткан доолбордун наркы 22 миллион доллар.

Киров суу сактагычы Талас облусунун Манас районунда Талас суусунун нугунда 1965-жылы курула баштап, 1975-жылы ишке киргизилген.

Анын негизги иши - Талас өрөөнүндөгү айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу. Мындан тышкары ал аркылуу өкмөт аралык келишимдердин негизинде коңшу Казакстанга суу өткөрүлүп турат.

ГЭСти куруу иштери кайсы булактан каржыланары тууралуу маалымат берилген жок. (МKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG