Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

“Кумтөрдүн” алтын ылгаган фабрикасы ремонтко убактылуу жабылды


"Кумтөр Голд" ишканасына май айында сырттан башкаруу кирген.
"Кумтөр Голд" ишканасына май айында сырттан башкаруу кирген.

“Кумтөр Голд” ишканасынын алтын ылгаган фабрикасы 23-июлдан тартып 30-июлга чейин ишин токтотту. Фабриканын менеджери Нурдин Үсөнов бул жыл сайын өткөрүлүүчү пландалган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин билдирди. Ага ылайык, үч тегирмендин ички сегменттеринде футеровкалар алмаштырылат, ошондой эле, ширетүү жана башка оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ишкана бул аралыкта кенде тоо жумуштары кадимки тартипте улана берерин билдирди.

Жогорку Кеңеш май айында “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Мындай сунушту парламентке алтын кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Май айында Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны май айынын ортосуна чейин канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келген. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

XS
SM
MD
LG