Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ЖК шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда өттү


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңеш 22-июлда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Аны катталган 106 депутаттын 99у колдоп, жетөө каршы болду.

Документ өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган. Мындан улам, 21-июлда президент Садыр Жапаров шайлоо мыйзамына байланыштуу депутаттар менен жолуккан.

Президент сунуштаган мыйзам долбоорго ылайык, 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

Жаңыртылган Конституцияга ылайык, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат.

XS
SM
MD
LG