Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:04

Ирандагы башаламандыкта кеминде үч киши каза болду


Иранда буга чейин каршылык акциялары жүрүп жаткан райондор. 2019-жыл.
Иранда буга чейин каршылык акциялары жүрүп жаткан райондор. 2019-жыл.

Алты күндөн бери уланып жаткан Ирандагы каршылык акцияларынан чыккан башаламандыкта кеминде үч киши каза тапты. Арасында полиция кызматкери да бар экени кабарланды.

Ирандын IRIB мамлекеттик телекомпаниясы Бандар-Махшахр порт шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлүнө шилтеме берип, 21-июлга караган түнкү ок атышуудан полициянын бир офицери каза болуп, бирөө бутунан жарадар болгонун кабарлады.

Адам өлүмүнө алып келген окуяга көтөрүлүшчүлөр айыпталууда.

Иранда 50 жылдан берки эң оор кургакчылык болуп жатат. Экономикалык кризиске дуушар болгон өлкөнүн бир катар райондорунда электр жарыгы дагы өчүрүлүүдө.

Кырдаалга нааразы болгон жергиликтүүлөр каршылык акциясына чыгып, полиция менен улам кагылышууда.

Каршылык акциялары өлкө коронавирус пандемиясынан жабыркап, экономикасы АКШнын санкцияларынан жүдөп жаткан маалга туура келди. Мунай өнөр-жай тармагында иштеген миңдеген жумушчулар иш таштап, айлык акыны көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Расмий бийлик каршылык акциясына чыккандардан эки киши каза болгонун ырастады. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча беш адам кайтыш болгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG