Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Токиодо Олимп оюндарынын алкагында мелдештер башталды


Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты.

Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда болот. Адатта беттештер расмий ачылышка чейин эле старт алат.

Софтбол - бейсболдун жеңилирээк түрү. Олимпиада программасына 1996-жылы кирген. Быйыл Австралия, Канада, Италия, Мексика, АКШ жана Жапония курамалары биринчилик үчүн таймашышат.

Софтбол 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиадага киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG