Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Талибдер коңшу өлкөлөрдүн чек арасын бузбай турганын билдирди


Ушул тапта “Талибан” кыймылы көзөмөлдөгөн аймактар кара күрөң түскө боёлгон.
Ушул тапта “Талибан” кыймылы көзөмөлдөгөн аймактар кара күрөң түскө боёлгон.

“Талибан” кыймылы 9-июлда Москвада өткөн басма сөз жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасын бузбай турганын кабарлады.

Талибдердин делегациясы менен Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов жолукту.

Талибдер Кабул жана ага жакын райондорду кошпогондо Ооганстандын аймагынын кыйла бөлүгүн көзөмөлгө алганын жарыялады.

Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө Тажикстандын түштүк аймагындагы чек араларында чыңалуу күчөп баратканына тынчсыздануусун билдирди.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын бир катар аймактарын, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорун ээлеп калган. Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качкан.

7-июлда Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, Ооганстан менен чек арасын кайтарууга көмөктөшүүнү суранганы белгилүү болгон. 8-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу регионалдык өнөктөштөргө, анын ичинде Тажикстанга колдоо көрсөтөрүн айткан.

Тажикстандын аймагында Орусиянын 201-аскердик базасы бар. “Интерфакс” белгилегендей, бул - Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик объектиси.

АКШ баштаган эл аралык коалиция 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп турат.

XS
SM
MD
LG