Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Беларуста үй камагындагы Протасевичтин жаңы видеосу чыкты


Оппозициячыл блогер Роман Протасевич.
Оппозициячыл блогер Роман Протасевич.

Беларуста үй камагында жаткан оппозициячыл блогер, журналист Роман Протасевичтин жаңы видеосу "Твиттерге" жарыяланды. Анда Протасевичтин "Твиттер" социалдык түйүнүндө жаңы баракча ачканын, интернеттеги жашоого акырындап кайтып келе жатканын, мындан ары суроолорго жооп берүүгө аракет кыларын айтканын көрүүгө болот.

Видео социалдык түйүндөгү баракчаны ким көзөмөлдөй турганы тууралуу күмөн ойлорду жаратып койду. Беларуста үй камагында отурган адамга телефон же интернет колдонууга уруксат берилбейт.

Протасевич сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп келе жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

26 жаштагы блогерге "жапырт башаламандык уюштурууга" байланыштуу айыптар коюлганы кабарланган. Июндунсоңунда Протасевич менен Сапега үй камагына которулганы белгилүү болгон.

Буга чейин беларус бийлиги бир нече жолу Протасевичтин "күнөөсүн моюнуна алганын" айткан видеолорун жарыялаган. Бирок байкоочулар жана беларус оппозициясы бул видео тасмаларды бир ооздон "пропагандалык материал" деп мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG