Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Инандынын иши: депутат күч органдарынын башчыларын жоопко тартууну сунуштады


Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.
Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.

Парламенттеги депутаттар Абдывахап Нурбаев жана Жанарбек Акаев Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу күч органдарынын башчыларын кызматтан кетүүгө чакырды. Депутат Акаев кыргыз жаранынын коопсуздугун камсыз кыла албады деген негизде тийиштүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуш кылды.

“Парламенттик өлкө болгондо баарынын кызматтан кетишин талап кылмак элек. Азыр колубуздан келбейт. Мен күч органдарынын жетекчиси болсом, кызматта отурбайт элем. Чек ара кызматынын башчысы, сиз кантип отурасыз? Кызматтан кетишиңиз керек. Азыр жаза албасаңар, 15 жылдан кийин дагы жоопкерчилик аласыңар. Бул башка өлкө “силер кимсиңер” деген менен барабар. “Биз силердин жараныңарды каалаган убакта уурдап кетебиз” деди. Унчукпай отурабыз. Кечээ эле кошуна өлкөгө барып, колуңарды төшүңөргө алып ийилип турдуңар, бул ошондой эле кеп. Элди мынча басмырлабагыла”, - деди Акаев.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентте Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу маалымат берип жатып, бардык учактар текшерилип жатканын, башталганын билдирди.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG