Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев дүйнөдөн кайтты


Ташманбет Кененсариев
Ташманбет Кененсариев

Белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев 72 жашында жүрөк оорудан кайтыш болгонун жакындары кабарлашты.

Ташманбет Кененсариев Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, Кыргызстандын Орусияга каратылышы, Кокон хандыгынын тарыхы боюнча изилдеген. Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилдерден азыркыга чейинки актуалдуу маселелери, санжыралар, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар.

Кененсариевдин эмгегинин натыйжасында кыргыз тарыхнаамасында Кокон хандыгы Борбор Азиядагы кыргыз, кыпчак, өзбек, тажик, казак элдеринин орток хандыгы болгондугу тууралуу илимий көз караш орноп, жаңыча карала баштаган.

Профессор Ташманбет Кененсариев 1949-жылы Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулган. Эмгек жолун айылдагы мектептен мугалим болуп иштөө менен баштап, кийин азыркы Улуттук университетте окутуучу, Ош мамлекеттик университетинде, Бишкектеги Дипломатиялык академияда 1-проректор, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректор болуп иштеген. 2019-жылдан тартып Бишкектеги «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» [1] манас таануу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Ташманбет Кененсариев «Кыргызстандын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" жана "Даңк" медалынын ээси.(ZKo)

XS
SM
MD
LG