Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

"Талибан" аскерлерди туткундаганы кабарланды


Ооганстан. "Талибан" улам жаңы аймактарды басып алууда. 23-июнь. 2021-жыл.
Ооганстан. "Талибан" улам жаңы аймактарды басып алууда. 23-июнь. 2021-жыл.

"Талибан" Ооганстандын Майдан Вардак борбордук провинциясында 50дөн ашуун ооган аскерин кол түшүрдү. Бул тууралуу полиция башчысына шилтеме берип, “Эркин Ооганстан” радиосу билдирди.

Майдан Вардак борбордук провинциясынын полиция башчысы, полковник Мустафа Маяр 27-июнга караган түнү башталган оор салгылаштардын жүрүшүндө Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн 50дөн ашуун кызматкери туткундалганын ырастады.

Ал салгылаштын жыйынтыгында Ооганстандын коопсуздук күчтөрү канчалык катуу каршылык көргөзгөнүнө карабай, Чак жана Саид-Абад райондору талибдердин колуна өткөнүн айтты.

“Душман Саид-Абад районунан 30, Чактан 26 полиция кызматкерин туткунга алды”,–деди Мустафа Маяр.

Ооганстандын өкмөтү бул жагдай тууралуу расмий комментарий бере элек.

"Талибандын" өкүлү Забиулла Мужжахед Тwitter баракчасына бир эле Саид-Абад району үчүн болгон салгылашта талибдердин жоочулары өкмөттүк күчтөрдүн 190 аскерин туткундаганын жазды.

Учурда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин ортосунда жаалданган аёосуз салгылашуулар күч алууда. "Талибандын" жоочулары Ооганстандын Кундуз шаарынын айланасындагы айрым райондорду өзүнүн көзөмөлүнө алганы жарыяланган.

Былтыр октябрда Катарда башталган өкмөттүк күчтөр менен "Талибандын" ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелди.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG