Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

ЖРТ: Эң жогорку баллды Караколдогу бүтүрүүчү алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 58 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болду. Эң жогорку баллды Караколдогу Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды. Анын баллы – 232 болгон.

Андан кийинки эң көп упайды Бишкек шаарынан Алия Сарыгулова (231) жана Таластан Сымбат Касымбекова (230) алды.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууну аныктаган Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи туру 19-майда өткөн. Ага катышууга жетишпей калгандар 21-22-майда белгиленген 2-турда, 22-23-июнда 3-турда тест тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйыл сынактарга 42 817 бүтүрүүчү катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG