Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылы өтөт


2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кырчын жайлоочу.
2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кырчын жайлоочу.

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Бул маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, иш-чарага Кыргызстан атайын маданий программа даярдап барат. “Көчмөндөр ааламы” аттуу этнофестиваль болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. (MiK)

XS
SM
MD
LG