Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Таласта 18 жаштагы кызды аткан шектүү издөөгө алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта киши колдуу болуп каза тапкан кыздын өлүмүнө шектүүлөр издөөгө алынды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматында 4-июнь күнү Кара-Буура районуна караштуу Жаңы-Жер айылында токтоп турган автоунаанын ичинен кыздын сөөгү табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жараат алганы аныкталган.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Социалдык тармактарда кыз классташы тарабынан өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи учур эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG