Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

Карамушкина "кустуруу иши" тууралуу отчет берүүнү талап кылды


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Коррупция” жана “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен мурдагы, азыркы аткаминерлерди кармап, мамлекетке төлөтүп жаткан акча тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Ирина Карамушкина Министрлер кабинетинен УКМК кармаган чиновниктердин кимиси канча акча төлөгөнү, мамлекеттик бюджетке канча акча түшкөнү тууралуу маалымат берип, атайын кызматтын сайтына жарыялоону талап кылды.

Депутаттын айтымында, атайын кызматтын акча төктүрүү боюнча иши коомчулукта бюджетти толтурууга болгон аракет катары бааланып жатат. Кармалган чиновниктер төгүп жаткан акча каражаты тууралуу ачык-айкындуулук жок болгондуктан эл арасында ишенбөөчүлүк болууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев март айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып коррупция, мыйзамсыз баюу беренелери менен камалгандар 4 млрд. сомдон ашык акчаны бюджетке төккөнүн билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG