Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Жогорку Кеңеште коомдук транспорттун маселеси көтөрүлдү


Бишкек. 2-июнь, 2021-жыл
Бишкек. 2-июнь, 2021-жыл

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарындагы коомдук транспорт маселесин чечүү боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берди.

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоо маселесин депутат Жанарбек Алымов көтөрүп, мамлекеттин борбор калаасында мындай маселе болбошу керек экенин белгиледи.

Депутат Кожобек Рыспаев маршруттук таксилердин маселесин Бишкек мэриясы чечиши керек экенин белгилеп, мэрди чакырып, маалымат угууга чакырды.

Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосу экинчи күн катары менен уланууда. Айдоочулар 2-июнда жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштаган.

Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен бүгүн, 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаган.

“Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди, андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгат”, - деди Кудайбергенов.

2-июнда башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды сала кетүүгө үндөгөн. Шаардагы райондордун акимчиликтери акысыз транспорт уюштуруп, жаңы конуш, микрорайондордун тургундарын ташууда.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (МТа)

XS
SM
MD
LG