Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Статком: ымыркайлардын 19% расмий никеде төрөлгөн эмес


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 19% расмий никеге турбаган энелердин балдары. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

“Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бештен бир бөлүгүнө жакыны (19%) бул катталган никеде турбаган энелердин балдары. Бирок акыркы жылдары мусулмандардын салтына ылайык никелешүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүү керек. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да, энеси да бар”, - деп айтылат статкомдун маалыматында.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 50% ата-энесинин биргелешкен арызы менен, 50% энелеринин гана арызы менен катталган, мындай балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышат.

2021-жылдын башындагы статистикага ылайык, Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 млн. 512 миң бала бар. Алардын жарымынан көбү (51%) эркек балдар. 2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар. Башкача айтканда, кыздарга караганда уул балдар көбүрөөк төрөлгөн.

2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3%га көбөйдү.

44% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 118 миң адам);

43% - 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 74 миң адам);

13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң адам).

Балдардын көпчүлүгү (67%) айыл жергесинде жашайт. (МТа)

XS
SM
MD
LG