Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Омбудсмендин өкүлү Ош аэропортунда кармалып турган тажик жарандарынан кабар алды


Ош аэрортунда кармалып турган тажикстандык Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гардиева.
Ош аэрортунда кармалып турган тажикстандык Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гардиева.

Кыргызстандын акыйкатчысынын Оштогу өкүлү Талантбек Турганбаев Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажик жарандарынан кабар алды.

Турганбаев 28-майда аэропорттун имаратында сыртка чыга албай турган Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева менен сүйлөшкөнүн айтты. Акыйкатчы өкүлүнүн белгилешинче, алар тамак-аш менен камсыздоого жана кармоо шартына нааразы эместигин билдирип, Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө жардам берүүнү сурашкан.

Турганбаев Бишкектеги башкы кеңсеге маалымат жиберерин, бул жаатта кайрылуу же башка аракеттерди көрүүнү Омбудсмен аппараты чечерин кошумчалады.

Тажик жараны Маргарита Расулова алты жаштагы небереси менен 25-майда Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келгенин, үч күндөн бери Кыргызстандын аэропортунан чыга албай жатканын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылган. Аэропорттон муну тастыкташкан.

Алар Орусиядан депортация болуп, Кыргызстан аркылуу Тажикстанга кетүүнү көздөшкөн. "Чек арадан бизди өткөбөй, Сургутка кайтарып жиберишет экен", - деген Расулова.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген.

25-майда Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран да кайра артка жөнөтүлгөн.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG