Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Манастын эстелигин жасоого сынак башталды


Бишкек шаарындагы Манастын эстелиги.
Бишкек шаарындагы Манастын эстелиги.

Маданият министрлиги Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин жасоого сынак жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгынын алкагында өтүп жатат.

Сынак Манастын образын мазмундуу чагылдыруу, профессионал скульпторлордун, сүрөтчүлөрдүн, архитекторлордун демилгесин жана алардын коомдук ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында өтүп жатат.

Чыгармалар 24-август саат 16:00гө чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 25-августта чыгарылат.

Тандоо Министрликтин Көркөм-эксперттик комиссиясы (КЭК) тарабынан көз карандысыз архитекторлордун, сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун жана искусство таануучулардын катышуусунда кеңейтилген курамда жүргүзүлөт.

Эстелик Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Жубанов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат. (MZh)

XS
SM
MD
LG