Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Беларуста каршылык акциясына күч колдонууга уруксат берилди


Лукашенкого карата каршылык акциялары.
Лукашенкого карата каршылык акциялары.

Александр Лукашенко күч колдонуп, атайын каражаттарды пайдалануудан улам келтирилген зыян үчүн беларус күч түзүмдөрүнөн жоопкерчиликти алып салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу Беларустун “Улуттук коопсуздукту камсыздоо” жана “Мамлекеттик коргоо” тууралуу мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Ага ылайык милиция массалык башаламандыктын алдын алуу үчүн аскердик жана атайын каражаттарды колдонуу укугуна ээ болду. Күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту сактоо үчүн муну жарандардын видео-фотого тартуусуна тыюу сала алат.

Милицияга кармоо учурунда жарандарды, алардын буюмдарын жана унааларын жекече кароодон өткөрүүгө уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG