Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Дүйнөлүк коомчулук Газа тилкесиндеги кырдаалга кабатыр


Газа тилкесиндеги палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосундагы жаңжал күчөп жатканына байланыштуу эл аралык коомчулук тынчсыздануусун бидирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Тор Веннесланд «биз кеңири масштабдагы согушка жакындадык»,-деп билдирсе, Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн эки эсе көбөйтүүгө» чакырды.

Израилдин бийлиги соңку 38 саат ичинде Газадагы палестиналык согушкерлер 100дөн ашык ракета атканын кабарлады. Аларды жөөт аскерлери асманда жардырууга жетишкен.

10-майдагы абал начарлагандан бери 40тан ашык палестиналык, кеминде алты израилдик мерт болду. Набыт болгон палестиналыктардын 13ү - балдар. 500дөн ашык адам жараат алды.

Акыркы күндөрү Израилдин аймагында жашаган араб азчылыктары палестиналыктарга тилектештигин билдирип чыгышты. Лод, Тель-Авивдин четиндеги Бен-Гурион аэропортунун айланасындагы арабдар жана жөөттөр аралаш жашаган райондордо кырдаал курчуп, өзгөчө абал режими киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG