Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Палестинадан Израилди көздөй 600дөн ашык ракета атылды


Газа секторунан Израилди көздөй атылган ракеталар. 10-май, 2021-жыл
Газа секторунан Израилди көздөй атылган ракеталар. 10-май, 2021-жыл

Шейшемби күнү кечинде Газа тилкесинде ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй 130дан ашык ракета атты. Алардын бири Тель-Авивдин жака-белинде бараткан каттамдагы автобуска тийгени кабарланды.

Аткылоолордон улам Бун Гуриона аэропорту убактылуу жабылып, имараттагы адамдар эвакуацияланды. Тель-Авивге келе турган учактар Кипрге жөнөтүлүүдө.

Жалпысынан акыркы суткаларда Палестина тараптан Израилдин аймагына 600дөн ашык ракета атылды. Алардын көбүн ракетадан коргонуу системасы атып түшүргөнү менен айрымдары Ашкелон шаарындагы жайкын тургундар жашаган эки имаратка тийген. Шейшемби күнү кечинде Израилдеги басылмалары бул шаардын улгайган эки тургуну каза болуп, ондогон киши жаракат алганын жазды.

Бул аткылоолорго жоопкерчиликти ХАМАС менен "Ислам жихады" радикал топтору алды.

Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине чабуул койду. Алардын бир нечеси адамдар жашаган имараттарга жакын жайгашкан.

11-майда кечинде палестиналык маалымат каражаттары бир нече турак-үй зыянга учурап, ондогон киши каза болгонун кабарлады. Бирок Тель-Авив радикал топтордун объектилерин гана бутага алганын билдирүүдө.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болду. Буга нааразы болгон палестиналыктар 7-майда полиция кызматкерлерине таш, бөтөлкө жана арматураларды ыргытышкан.

Палестиналык басылмалар Израиль нааразы болгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталарды жана желим окторду пайдаланганын жазды. Андан соң полиция Ал-Акса мечитин күч менен алып, андагы адамдарды аймакты таштап кетүүгө аргасыз кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG