Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Газа тилкесиндеги жаңжалдан кеминде 24 адам мерт болду


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

11-майга караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр бул анклавга абадан сокку урду. Палестинанын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилери Газада 24 адам мерт болгонун билдиришти. Алардын арасында тогуз өспүрүм бар. Жалпысынан аймакта 100дөн ашык адам жаракат алды.

Израилдин армиясы дүйшөмбүнүн кечинен тарта Газадан атылган 200дөй ракетага жооп кылып, бул тилкедеги 130 позицияга абадан сокку урганын билдирди. Анда курал-жарак кампалары, туннелдер жана жоочулардын башкаруу борборлору бутага алынды деп кабарлады.

Газадан атылган ракеталардын көбүн Израилдин коргонуу системасы атып түшүргөн. Бирок айрым ракеталар Израилдин түштүгүндөгү Ашкелон шаарындагы жайкын тургундар жашаган эки имаратка тийип, андан алты киши жараат алды.

11-майда Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун лидери Исмаил Ханиех билдирүү таратып, Израил "Иерусалимдеги жана Ал-Акса мечитиндеги террорчулуктун бардык көрүнүштөрүн жана агрессияны" токтотмоюнча, ракета чабуулдары улана берерин жарыялады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүгө караган түнү Газадагы кошуундар "кызыл чектен өткөнүн" айтты.

Соңку ракета чабуулдарына жана аба соккуларына палестиналык демонстранттар менен Израил полициясынын Иерусалимдеги төрт күндүк кагылышуулары түрткү берди. Мындай кагылышууларга жөөт тургундарынын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү аракеттери себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG