Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Сот “Кумтөр” ишканасына 261 млрд сом мамлекетке төлөөнү милдеттендирди


Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими, 7-май, 2021-жыл.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими, 7-май, 2021-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр голд” компаниясына 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун 7-майдагы чечиминде айтылат. Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов “Кумтөр голд компани” ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Ишти караган судья Альбина Жээнбекова активисттердин арызын канааттандырып, “Кумтөр голдду” 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекеттин пайдасына төлөөгө милдеттендирген. Мындан сырткары канадалык компанияны 1 миллиард 300 миллион сом пошлина төлөп бериши керек.

Мунун алдында “Кумтөр голд компани” ишканасы билдирүү таратып, кенге байланыштуу соңку иш-аракеттерге тынсызданып жатканын белгилеген. Анда компания сотко арыз жазгандардын бири Кемелбек Кутманов Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын уулу экенин кошумчалаган. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алганына тынчсызданган. Канадалык компания соттун чечими 2019-жылкы кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" түзгөн келишимдин шарттарын буза турганын ишара кылып, Торонто ал документти кынтыксыз аткарып келатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG