Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

АКШнын мамкатчысы алгачкы сапарын Киевден баштады


Киев. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкендин жолугушуусу. 6-май, 2021-жыл.
Киев. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкендин жолугушуусу. 6-май, 2021-жыл.

Киевде АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин толук колдоорун ырастады.

Ал ошондой эле Орусиянын агрессивдүү аракеттери жоопсуз калбастыгын белгиледи. Анын Киевге сапары Москва менен мамиле курчуган учурга туура келди.

Президент Жо Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу өкүлү, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин эң алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары Киевге жасалды. Муну Москвага карата ишарат катары баалаган эл аралык эксперттер анын Киев сапарын Байден менен Путиндин жолугушуусунун алдындагы саясий-дипломатиялык жүрүш катары белгилешти. Украиналык эл аралык маселелер боюнча эксперт Григорий Перепелица буларды айтты:

“Орус-украин согушу биринчи кезекте Путинди кызыктырган абдан курч эл аралык көйгөй болуп саналат. Ошондуктан украин маселеси Байден менен Путиндин жолугушуусунун эң башкы темасы болот. Бул мааниден алганда, АКШнын мамкатчысы Блинкендин визитин ошол жолугушууга даярдык катары кароо керек. Анда Украина үчүн “кызыл чек” каяктан өтөрү аныкталышы зарыл. Украин маселесинде Путинге кайсы маселеде жеңилдикке баруу же болбосо чегинүүгө болбой турган шарттар талкууланышы мүмкүн”.

Энтони Блинкен украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Вашингтон менен анын өнөктөштөрү Украинанын коргонуу жөндөмүн чыңдоону колдой турганын билдирди.

“Мен бул жакка президент Жо Байдендин атынан биздин өнөктөштүктү жактап, Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин толук колдоону тастыктоо үчүн келдим”,-дейт Блинкен.

Ошондой эле ал Украинанын аймагы менен эгемендигин коргоодо жана аннексияланган Крым маселеси боюнча АКШ баш болгон “Чоң жетиге” кирген мамлекеттердин позициясы бирдей экенин айтты.

“Орусия украин чек арасынан аз гана аскерин алып чыгып, бирок олуттуу күчтөрү менен оор техникасы кала берүүдө”,-деп белгиледи Блинкен.

Анын айтымында, АКШ учурда бул чөлкөмдөгү кырдаалды байкоого алууну улантууда.

Президент Владимир Зеленский Украинанын НАТО аскердик союзуна кирүүсүн тездетүүдө АКШдан чечкиндүү колдоо күтөрүн билдирди.

АКШ Мамдепартаментинин Киев менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу 5-майдагы билдирүүсүндө Украинаны НАТОго кабыл алуу маселеси тууралуу сөз козголгон эмес. Бирок анда АКШ Орусиянын Украинага карата агрессивдүү аракеттерин такай байкап турары көрсөтүлгөн.

Жолугушууда Украинага аскердик жардамды көбөйтүү маселеси да көтөрүлдү.

АКШ Сенатынын Эл аралык иштер комитети 21-апрелде Украинага аскердик жардамды жылына 300 млн. долларга көбөйтүү планын жактырган. Анын максаты "Киевге Орусиянын баскынчылык саясатына каршы турууга жардам берүү экени" көрсөтүлгөн.

АКШ 2014-жылдан бери Украинага 4,6 млрд. доллар жардам берди.

АКШнын башкы дипломаты жолугушууда украин энергетикасындагы коррупцияга кабатырлыгын айтып, Вашингтон реформа жүргүзүп, жемкордукка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG