Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

БШК Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын чыгарды


Добуш бергендердин 79,32% Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон.
Добуш бергендердин 79,32% Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекитти. Ага ылайык, 21 шайлоо комиссиясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

БШКнын маалыматына караганда, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.

БШК референдумдун жыйынтыгы тууралуу токтомун президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялоо үчүн жөнөттү.

Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган. Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.

Кыргызстанда 11-апрелде Конституция тууралуу референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG