Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Баткен: Чек ара боюнча сүйлөшүү жыйынтыкталды


Баткен. 2021-жылдын 1-майы.
Баткен. 2021-жылдын 1-майы.

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү жыйынтыкталды.

Кыргыз тарапты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жыйынтыгында журналисттерге маалымат берип жатып Ташиев:

"Бардык атышууну токтотуп, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдүн баарын ордуна алып кетүү тууралуу макулдаштык", - деди.

Ага чейин президент Садыр Жапаров телефон аркылуу тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG