Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Бишкекте акцияга чыккандар чек ара маселесин чечүүнү талап кылууда


1-май, 2021-жыл. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар.
1-май, 2021-жыл. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар.

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында 1-майда чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция өтүп жатат.

Журналисттердин эсебинде акцияга 500дөн ашуун киши чогулду. Аянтка келгендердин саны улам көбөйүп жатат. Нааразы тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну, чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылышууда.

Мындан тышкары Баткен облусуна барууга уруксат берүүгө бийликти чакырышты. Топтолгон элдин алдына чыккан президенттик аппараттын өкүлдөрү алардын талабына каалоочулар аскер комиссариатына барса боло турганын билдирди.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун маалымдашты.

1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG