Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

Чек ара кызматы Тажикстан эки тараптуу келишимди бузганын маалымдады


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат таратты.

Мекеменин 1-май, саат 15:00гө карата билдирүүсүндө кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон экени айтылат. Тажикстан кошумча күчтөрдү жана техникаларды чек арадан чыгарып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузганы белгиленген.

Билдирүүгө караганда, тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын чек арага ташып, топтоону улантууда.

Мындан тышкары Баткен районунун Көк-Таш айылында өтүп бара жаткан транспортторду маал-маалы менен аткылап жатат.

Чек ара кызматы УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев 13:35те сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткени кабарланды.

Буга чейин мекеме саат 12:45ке карата тажик аскерлери Лейлек районунун Арка айылында жай тургундардын турак жайларын аткылап жатканын билдирген.

Тажикстандын Бобожон-Гафуров районунун акими Акбар Юсуфи "Азаттыктын" тажик кызматына берген комментарийинде мындай билдирүүлөрдү четке каккан.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG