Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Чек ара чырында мерт болгондордун тизмеси жарыяланды


Баткен шаары. №3 гимназиянын спорт залы.
Баткен шаары. №3 гимназиянын спорт залы.

Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда тажик күч түзүмдөрү менен болгон атышуудан кыргыз тараптан 13 адам каза тапты. "Азаттык" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан каза болгондордун тизмесин алды. Алар:

  1. Каратаев Сагын Калбаевич. Көк-Таш айылынын тургуну. 1977-жылы 26-июлда туулган.
  2. Тагаев Сүйүн Ураимович. Баткен шаарынын тургуну. 1969-жылы 14-мартта туулган.
  3. Каработоев Алтынбек Джалилович. Кадамдай шаарынын тургуну. 1982-жылы 18-майда туулган.
  4. Адбрахманов Баяман Гапарович Баткен шаарынын тургуну. 1998-жылы туулган.
  5. Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган.
  6. Ганиев Жамшит Кайимович. 1990-жылы туулган.
  7. Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган.
  8. Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч 1985-жылы туулган.

Аскер кызматкерлери:

  1. Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган. 2053-аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
  2. Юлдашев Бекзат Давлатжанович. 1991-жылы туулган. 2021-аскер бөлүгү.
  3. Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы туулган. 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.

Баткен милициясы дагы эки адамдын тек-жайын тактап жатат.

Куралдуу кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Ошондой эле 134 адам жараат алды. Алардын 25и Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG