Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Дубнов: Чек арадагы чыр кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес


Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын Душанбеде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн "ыңгайлуу болушу мүмкүн". Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Настоящее время” каналына билдирди.

“Кыргызстан жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда, УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда, өлкөдө ички саясий абал анча жакшы болбой турганда аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле? Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен минамет, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө батыл башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө үчүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн” - деп билдирди Дубнов.

Дубнов: Чек арадагы чыр кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде атышуу болду. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жалпысынан тогуз киши жаракат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы «Капчыгай», «Мин-Булак», «Достук» чек ара тозоттору жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттери аткылоого кабылганын кабарлады. «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожали” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерине кайтаруу макулдашылганын кабарлады.

Кыргызстан жана Тажикстан - Жамааттык коопсуздук кызматташык уюмунун мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG