Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Чек арага байланыштуу өкмөттөгү жумушчу топту Новиков жетектейт


Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлдү жана аны вице-премьер министр Артем Новиков жетектейт, кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын аткарат.

Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги окуяны тынчтык жолу менен чечүү үчүн дипломатиялык иштерди жүргүзүүдө.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Турак-жайлар өрттөнүп жатканы кабарланууда.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты.

Окуяга байланыштуу бүгүн, 29-апрелде Бишкекте активисттер митинг өткөрдү. Алар УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев элдин алдына чыгып кылдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышты.

Атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин бүгүн, түштөн кийин УКМКдан билдиришти.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди. (MiK)

XS
SM
MD
LG