Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Чек арада жараат алган үч кыргызстандык ооруканада жатат


Көк-Таш айылы. 2021-жылдын 29-апрели.
Көк-Таш айылы. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” 29-апрелде облустук администрациядан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, "Головной" толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн толугу бойдон четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (JsA)

XS
SM
MD
LG