Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Баткен: чек арада абал салыштырмалуу турукташты


Төрткүл суу сактагычына келген канал.
Төрткүл суу сактагычына келген канал.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы (“Головной” тилкеси) абал турукташып, кыргыз-тажик жарандарынын бири-бирине таш ыргытуулары токтоду.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматында Баткен, Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согд облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө.

"28-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдери "Ак-Суу" дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (“Головной” тилкеси) айланасындагы маселелерди чечүү үчүн облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Баткен менен Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тарап орноткон видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер орун алып, жарандардын таш ыргытуусуна чейин жетип, чыр чатак чыккан", - деп кабарлады облустук администрациянын басма сөз кызматы.

Расмий маалыматта чек арадагы чырга чейин эртең менен саат 11:30да Баткен жана Согд облустарынын башчылары "Кызыл-Бел" жана "Гулистон" чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап аймакта жолугушканы жазылган.

Ага Кыргызстандан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган делегацияда Баткен, Лейлек райондорунун, Согди облусу жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, эки тараптын кадастр ишканасы, суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери барган.

Сүйлөшүүдө бир катар маселелерди биргеликте чечүү макулдашылган.

“Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысынын айтымында “Головной” тилкесинде чогулган жергиликтүү кыргызстандык жарандар кыргыз өкмөтүнөн бул окуяга реакция талап кылышууда.

Баткен облустук милициясы чыр токтогонун, окуя Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Таш ыргытуулардан эки тараптан тең жарадар болгондор ооруканага жеткирилди. Кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жараат алган. Тажик тараптан жети кишинин жарадар болгону айтылууда. "Азаттыктын" тажик кызматына Кожалы (Хожа Аъло) айылынын тургуну 15 киши таш тийип жараат алганын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турганын маалымдады. (BCh/JsA)

XS
SM
MD
LG