Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

COVID-19: Индия алапайын таппай турат


Индияда ооруканага кезек күткөндөр.
Индияда ооруканага кезек күткөндөр.

Индия алтынчы күн катары менен коронавирусту жугузгандардын жана андан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө жогорку көрсөткүчкө чыкты. Илдеттин жапырт жайылышына каршы турууга дарыгерлердин алы жетпей, аскер күчтөрү тартылууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индияга жардам берүү максатында 2,6 миңден ашуун кызматкерин жөнөттү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги Индияда коронавирус илдетин жугузуп, андан кырылып жаткан калктын жагдайына кескин тынчсыздануусун билдирди.

Расмий маалымат боюнча 27-апрелде Индияда бир күндө 323 миңден ашуун адам вирусту жугузуп, 2771 киши көз жумду.

Эксперттер чыныгы абал бул сандардан да бир топ жогору экенин белгилешүүдө.

Индиялык дарыгерлерге кеңеш берип, бейтаптарды кабыл алуу жана эмдөөнү тездетүү үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки жарым миңден ашуун медицина кызматкерин жиберди.

“Индияда жүрөк ооруй тургандай кырдаал түзүлдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму колунан келгенин жасоодо. Эң зарыл делген курама шаймандардан турган көчмө талаа госпиталдары менен лабораториялык жабдуулар, материалдар жана миңдеген кычкылтек баллондору берилүүдө”,-дейт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус.

Индияда коронавирус тез ылдамдык менен тарап, ооруканалар толуп, бейтаптар кабыл алынбай, кароосуз калып кеткен жана крематорийлер сөөктөрдү өрттөгөнгө жетишпей жаткан, жан кейиткен көрүнүштөр орун алганын эл аралык маалымат агенттиктери байма-бай чагылдырууда.

Америкалык эпидемиолог Мария Ван Керкхове Индиядагы абалды мындайча сүрөттөп берди:

“Биз илдет ушундай эле траекторияда өскөнүн бир катар өлкөлөрдө көргөнбүз. Бирок мынчалык ири масштабда, мынчалык ылдам жана Индиядагыдай саламаттык сактоо системасына оор күч келтире тургандай абдан татаал шартта болгон эмес. Эгерде биз кыраакылыкты жоготсок кайсы гана өлкө болбосун ушундай абалда калышы мүмкүн. Индия көзөмөлдү колдон чыгарып жиберген”.

1,4 миллиард адам жашаган Индиянын медицинасы оор жүктү көтөрө албай, илдетке каршы турууга аскер күчтөрү тартылганын өлкөнүн коргоо штабынын башчысы, генерал Бипин Рават билдирди. Анын айтымында, аскерлер дарыгерлерге жардам берип, көчөлөрдө коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.

Пакистанда да кырдаал курчуп, илдетти жугузгандардын саны 27-апрелде бир күндө 4825 кишиге жетип, 70 адам көз жумганы кабарланды. Өлгөндөрдүн жалпы саны 17 миңден ашкан. Эл көп топтолгон жерлерде аралыкты сактоо үчүн коомдук тартипти кароого аскерлер тартылган. Бул тууралуу "Рейтерс" маалымат агенттиги кабарлады.

Бул арада Бразилия орусиялык "Спутник V" вакцинасын каттоодон жана сатып алуудан баш тартты. Санитардык көзөмөл органы аны “колдонууга кооптуу жана натыйжалуулугуна кепилдиктер жетишсиз” деген тыянак чыгарды. Вакцинаны өндүргөндөр муну саясий чечим деп кабыл алды. Бразилияда илдеттин 14 миллион учуру катталып, андан кайтыш болгондор 400 миңге чукулдаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул өлкөдө эмдөөнүн абалы начар экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG