Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Орусия: Навальныйды колдоп чыккан эки миңдей адам кармалды


Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган Бурятиядагы саясий акция. 21-апрель, 2021-жыл.
Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган Бурятиядагы саясий акция. 21-апрель, 2021-жыл.

Орусиянын Москва баштаган ондогон шаарларында оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон калайман каршылык акцияларында кармалган адамдардын саны 1700дөн ашты.

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун соңку статистикасына ылайык, кармалгандардын теңинен көбү Санк-Петербург шаарына туура келет.

Жалпы элдик демонстрациялар Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөшүү" фондун экстремисттик уюм катары жабуу тууралуу бийликтин чечиминен кийин башталды. Аталган фонд орус президенти Владимир Путин баштаган бир катар жогорку кызмат адамдарынын көмүскөдөгү байлык-мүлкүн бетин ачкан видео иликтөөлөрдү жарыялаган.

Биздин бул жакка эмнеге келгенибиз түшүнүктүү. Анткени биз Навальныйдын эркиндигин каалайбыз” – деди Москвадагы акцияга катышкан 35-жаштагы инженер Евгений Фартук.

Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" юристи Любовь Соболду полиция кармап кеткен. Көп өтпөй Ярмыш элди мыйзамсыз митингге үндөгөнү үчүн он суткага камалганы, ал эми Соболь бошотулганы маалым болду.

Кремлдин келишкис сынчысын бошотуу талабы менен демонстрациялар башталган маалда Путин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17чи жылдык кайрылуусун жасады.

XS
SM
MD
LG