Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Навальный түрмөнүн ооруканасына түшкөнү кабарланууда


Саясатчы Алексей Навальный
Саясатчы Алексей Навальный

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды коргоо штабы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына шилтеме берип, саясатчы оор жөтөлүп, оорунун белгилери байкалгандыктан 5-апрелде кечке жуук түрмөнүн ооруканасына которулганын билдирди. Абакта дарыланууга мүмкүнчүлүк бербеген шартка нааразы болгон Алексей Навальный ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын “Инстаграмдагы” баракчасына тарапташтары жазышты.

Орусиянын бийлиги жана Жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей Навальныйдын түрмөнүн ооруканасына которулганы тууралуу чечим кабыл алынганын ырастай элек.

Орусиянын «Дарыгерлер альянсы» көз карандысыз профсоюздун жетекчиси Анастасия Васильеваны түрмөнүн алдында полиция кармап кеткени кабарланды. Ал оппозиционердин ден соолугун текшерүүнү талап кылып барган.

Москвадан 100 чакырымдай алыс турган Покров шаарындагы абакта отурган саясатчы Алексей Навальный жакында адвокаттары аркылуу аны менен отурган 15 адамдын үчөө кургак учук менен ооруй турганын билдирген. Алексей Навальный өзү да жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, калтырак басып жатканын айткан.

“Amnesty International” эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар абактагы Алексей Навальныйга ал ишене турган дарыгерди киргизүүнү талап кылып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Ошондой эле ал аны эркиндикке чыгарууну сурады. Бул тууралуу укук коргоочу “Твиттерге” жазды.

Кремлдин сынчысы Навальный былтыр жайында ууландырылып, Германиядан дарыланып, быйыл январда Москвага учуп келгенде камакка алынган.

XS
SM
MD
LG