Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Армян парламенти шайлоо мыйзамын өзгөрттү


Армениянын парламенти
Армениянын парламенти

Ага ылайык, кийинки шайлоодо парламент партиялык тизме менен шайланып келген депутаттардан гана куралат. Армян оппозициясы премьер-министр Никол Пашинян кайра бийликке келүү үчүн шайлоо мыйзамдарын өзүнө ыңгайлаштырып жатат деп сындап чыкты. Буга чейин жарандар партияга да, анын ичинде талапкерлерге да өзүнчө добуш беришчү.

Соңку эки шайлоодо армян парламенти аралаш система аркылуу куралып келген. Тактап айтканда, парламенттин теңи партиялык тизме аркылуу, калгандары рейтингдин добуш берүү аркылуу көпчүлүк добуш топтогон талапкерлерден куралчу.

Эми бийликчил «Менин кадамым» фракциясы сунуштаган мыйзамга ылайык, Арменияда эл өкүлдөрүн шайлоо пропорционалдык системага ылайык гана өтмөй болууда. Аны кабыл алуу үчүн жалаң гана бийликчил депутаттар добуш берди. Ал эми оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” менен “Жаркыраган Армения” фракцияларынын мүчөлөрү добуш берүүгө катышкан жок.

Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнда белгиленди. Өлкөдөгү саясий күчтөр бул окуя бир нече убакытан бери уланып жаткан саясий кризисти токтотот деген ишеним артып жатышат.

Былтыр күзүндө Армения Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция буга Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген.

XS
SM
MD
LG