Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:44

13 жаштагы секелекти зордуктагандарга сот өкүмү чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган үч кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, К.у.Ж. жана С.у.Э. Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү ("Зордуктоо") менен күнөөлүү деп табылды. Алардын ар бири 15 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучуга 100 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Үчүнчү айыпталуучу К.У. Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-2-пункту жана ушул эле берененин 3-бөлүгүнүн негизинде 20 жылга соттолду. Соттун өкүмүнө ылайык, ал дагы жабырлануучуга 100 миң сом моралдык зыян төлөп бериши керек.

Бул иш 2020-жылы 11-декабрда Тоң райондук сотунда каралган. Судья Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды көптөн бери зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, үчүнчүсүнүн жазасын жеңилдеткен чечим чыгарды деп кыздын жакындары нааразы болушкан.

Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын райондук сот жеңилдетип, ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен акталган.

Жакындарынын айтымында, кызды бул үчөө көптөн бери зордуктап келишкен, видео менен коркутуп, опузалашкан. Кылмыш тууралуу кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.

Тоң райондук сотунун чечими коомчулуктун сын-пикирин жаратып, жарандык активисттер шектүүлөрдүн жазасын жеңилдеткен судьяга кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. (KS/MiK)

XS
SM
MD
LG