Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт


Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча элге маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Түшүндүрүү иштеринин планына ылайык, Ташиев жана Бөрүбаев Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарына барышат. Анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.

Биринчи жолугушуу 30-мартта түшкө чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылында болот.

30-мартта түштөн кийин Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.

31-мартта түшкү саат экиде Ала-Бука райондук администрациясында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун тургундары менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.

25-мартта эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG