Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

G7 Крымдын аннексияланышын кайрадан айыптады


“Чоң жетиге” кирген өлкөлөр жана Евробиримдик Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин коргоого айныксыз колдоо көрсөтөрүн бекемдешти. Мындай билдирүүнү Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ жана Евробиримдиктин башкы дипломаттары Орусия Крымды аннексиялап алышынын жети жылдыгын белгилеп жаткан учурда таратты. Анда Орусиянын Крымды убактылуу басып алышын жана ал жактагы адам укуктарынын бузулушун, крым татарларына куугунтукту айыптай турганы айтылат.

“Чоң жети” Орусиянын Украинанын чыгышындагы дестабилдештирүү аракетине каршы экенин белгиледи. Ошондой эле "Чоң жети" аннексияга каршы чыгып, адилетсиз түрдө кармалган активисттерди, журналисттерди эркиндикке чыгарууга чакырды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. 18-март күнүн орус бийлиги Крым кошулган күн катары белгилеп келет. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң адамдын өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жоочуларды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG