Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

АКШ Ооганстан боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды


Герат, 21-сентбярь 2020-жыл. (иллюстрациялык сүрөт)
Герат, 21-сентбярь 2020-жыл. (иллюстрациялык сүрөт)

АКШ Улуттар уюмунун алкагында Ооганстан боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттеги расмий адам билдирди. Сунуш АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад 3-мартта Кабулда үч күндүк сүйлөшүүлөрдү аяктагандан кийин айтылды.

Дипломат ооган жергесине тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатын көздөп барган. Халилзад “Талибан” менен диалогду тездетүү максатында президент Ашраф Гани, Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла, бир катар башка жооптуу адамдар менен жолугушту. Вашингтондун чабарманы сунуштар менен 4-мартта талибдердин саясий кеңсеси жайгашкан Катардагы кездешүүлөрдө да тааныштырмакчы.

Президент Жо Байден былтыр февралда "Талибан" менен Вашингтон ортосунда түзүлгөн келишимди кайра карап жатканын билдирген. Макулдашууга ылайык америкалык жана чет өлкөлүк башка аскерлер Ооганстандан 1-майга чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Кабул өкмөтү менен “Талибандын” ички диалогу былтыр сентябрда Катардын башкалаасы Дохада башталган. Тараптар бири-бирин келишимди бузгандыгы үчүн айыптап келатышат.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү сунуш кылынган конференцияга региондогу өлкөлөрдүн, анын ичинде Пакистан менен Ирандын катышуусу каралганын белгиледи. Экөө тең талибдер менен байланышы бар мамлекеттер катары каралып келет.

XS
SM
MD
LG