Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Өзбекстанда 8-мартка карата 14 аял абактан бошотулду


Өзбекстандагы аялдардын абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы аялдардын абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Өзбекстандын Жогорку соту 16 аялдын кассациялык арызын карады. Алар өтө оор кылмыштар үчүн ар кыл мөөнөткө соттолгон.

УзА агенттиги билдиргендей, 14 аял жаза мөөнөтүнүн негизги бөлүгүн өтөп бүткөндүктөн, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Алар жасаган кылмыштары үчүн өкүнөрүн билдирип, түрмө эрежелерин бузган эмес. Аялдар үй-бүлөлөрүнө кайтышты. Ошол эле маалда сот эки аялга чыккан өкүмдү жумшартты.

Былтыр аялдар майрамынын алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев абакта жазасын өтөп жаткан 83 аялга ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG