Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Орусия Евробиримдик менен АКШнын санкциясына жооп кайтарды


Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова

Орусия бийлиги АКШ жана Европа Биримдигинин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана абакка кесилишине байланыштуу бир катар жетекчилерге санкция салышына жооп кайтарып, “от менен ойнобоого” чакырды. 2-мартта кечинде жарыяланган билдирүүдө Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова акыркы санкцияларды “Орусияга карата душмандык аракет” катары баалады.

“Алексей Навальныйды “аскердик химикат” менен “ууландырды” деген айдан-ачык атайын чагымды санкция киргизүүгө шылтоо катары колдонуу толугу менен абсурд. Бул биздин ички ишибизге кийлигишүү аракетинин уланышы жана биз аны кабыл албайбыз”-деп айтылат билдирүүдө.

2-мартта Европа Биримдиги Навальныйдын ишине байланыштуу Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчисине, башкы прокуроруна, Жаза аткаруу кызматынын жана Росгвардиянын башчыларына санкция салары белгилүү болгон.

Андан көп өтпөй АКШ Орусиянын жети жогорку даражалуу жетекчисине санкция киргизерин жарыялаган. АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко баштаган жетекчилер илинген.

XS
SM
MD
LG