Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

FactCheck KG Матраимовдун “хан сарайы” деген видео тасма жарыялады


FactCheck KG интернет басылмасынын видеосунан скриншот.
FactCheck KG интернет басылмасынын видеосунан скриншот.

"FactCheck KG" интернет басылмасы Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго таандык делген заңгыраган үй жөнүндө видео тасма жарыялады. Тасмада Бишкектин түштүк четиндеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын эл арасында “ВИП шаарча” деп аталган аймакта 1 гектардай жерде жайгашкан Матраимовдорго таандык делген чоң үйлөр жөнүндө көрсөтүлөт.

Журналист өз видео тасмасында "мамлекеттик кызматта иштеген адам мынча байлыкты кайдан тапкан?" деген суроо койгон.

Азырынча Матраимовдордун өзүнөн бул видео тасма боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

20-февралда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 2 айга соттун чечими менен камалган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган нааразылык чарасы өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

АКШнын Каржы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский актысы» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экени фактылардын негизинде чагылдырылган.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд "каралоо" деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG