Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Бишкекте жана Кара-Сууда Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты


Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги. 2021-жылдын 19-февралы. Бишкек, Кыргызстан (Cүйлөп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев)
Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги. 2021-жылдын 19-февралы. Бишкек, Кыргызстан (Cүйлөп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев)

19-февралда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башкы имаратынын алдында мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ондогон тарапташтары чогулду. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, журналист Элнура Алканова, коомдук ишмер Шайлообек Атазов баштаган тарапташтары Матраимов 2 айга камалышы мүмкүн деген маалымат тарап жатканын билдиришип, бажычыны бошотууну талап кылышты.

Ушул эле күнү Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы Райымбек Матраимовдун атасынын наамын алып жүргөн «Исмаил ата» чайханасынын алдына бир топ адам чогулушту. Алар Райымбек Матраимов элге көп жардам бергенин билдирип, аны боштондукка чыгаруу керектигин айтышууда.

Тынчтык митингинен түз көрсөтүлүп жаткан видеодон көрүнүп тургандай Кара-Суудагы акцияга жүздөгөн адам чогулган. Аларды активисттер Али Абдразаков, тамада Аман Ибраев баштап жүрөт. Алар Кара-Суу райондук акимиатына жүрүш жасап, талаптарын ошол жерде айтышууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКдан сурак маалында кайрадан кармалган. Бул жолу ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу айып тагылды. 19-февралда анын бөгөт чарасы аныкталат. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айып пулга жыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган болчу.

Аталган мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген эле.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG