Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Сооронкулова: Үч партия шаардык кеңешке «Реформанын» атынан чыгат


Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов.
Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов.

Клара Сооронкулова лидерлик кылган «Реформа», Элдар Абакиров теңтөрагалык кылган «Адилеттүү Кыргызстан» жана Аймен Касенов жетектеген «Асман-Ала Тоо» партиялары Бишкек шаардык кеңешине «Реформанын» атынан бара турган болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, 18-февралда партия лидерлери чогулуп, чүчүкулак кармаган учурда «Реформа» партиясынын аты чыккан. Алар башка шаардык кеңештерге башка аталыштар менен чыгышы мүмкүн.

Аталган үч партия жергиликтүү кеңештердин келерки шайлоосуна байланыштуу биригип жатканын 17-февралда жарыялашкан.

Партия лидерлери 18-февралда «Достук» конок үйүндө биригүү тууралуу меморандумга кол коюшуп, чогуу билдирүү жасашты. Алар муну атаандаштардын көптүгү менен түшүндүрүп, прогрессивдүү күчтөр биригүү зарылдыгы менен байланыштырган.

Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов да 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болушкан.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Аймактык шайлоо комиссиясынын 18-февралдагы маалыматына ылайык саясий өнөктүккө азырынча 14 партия ат салышуу ниетин билдирди.

Партиялар шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуу боюнча кабарламасын 1-мартта түнкү саат 12:00гө чейин бериши шарт.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жыл иштейт.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG